• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Душанбедеги жол кырсыгынан белгилүү тажик ырчысы каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. 7-августтун таңында Душанбеде болгон жол кырсыгынан белгилүү тажик ырчысы Бахром Гафури каза болуп, дагы эки киши жаракат алды. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Гафури бараткан «Ланд Крузер» үлгүсүндөгү автоунаа КамАЗ менен сүзүшкөн.

«Ланд Крузердин» рулунда Душанбенин Фирдавси райондук прокурорунун орун басары Анварзода Ислом Курбон болгон. Катуу ылдамдыкта бараткан унаа КамАЗ менен сүзүшкөн. Гафури ошол жерде каза болуп, айдоочу менен дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Дарыгелердин айтымында, үчөө тең мас болгон», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Кесиптештеринин айтымында, ырчы Гафури 6-август күнү кечинде үйлөнүү тойлорунун бирине катышкан.

Бахром Гафури эки жолу (2011-2014-жылдары) АКШда Big Music Awards деп аталган престиждүү музыкалык сыйлыкка ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий