• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дворкович Россия кайсы тармакта Кыргызстан менен кызматташа тургандыгын айтты

Экономика 0

Бишкек, 15.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович РФнын Кыргызстан менен эмне кызыкчылыктары бар экендигин айтты. Бул тууралуу ал VI кыргыз-россия аймактар аралык жыйындын жүрүшүндө билдирип, биринчи кезекте айыл-чарба азыктары тууралуу сөз болуп жаткандыгын билдирди.

“Россия дээрлик толук бойдон өзүн-өзү бардык продуктулар менен камсыз кылат, албетте айрым позицияларды эске албаганда. Алар сүт азыктары жана жаңы жер-жемиштер. Биз Россиянын аймагында пайдалуу болбогон нерселерди өстүрө алабыз жана жалы кызыкчылыктар бар”,-деп билдирди Дворкович.

Ал форматы талкууланып жаткан экологиялык продукцияны өстүрүү, соода-логистикалык түйүндөр жөнүндө долбоорлор бар экенин, ошондой эле энергетика тармагында кызматташууну белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий