• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дыйкан-Кара-Кече унаа жолуна түшкөн таштар толугу менен тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Дыйкан-Кара-Кече унаа жолуна түшкөн таштар толугу менен тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 16-августунда Нарын облусундагы Жумгал районунун Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында тоо беттеринен таш кулоо активдешип, жол каттамдын 500 метр аралыгын жаап, болжол менен 300 000 м3 таш массасы түшкөн.

Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана күз-кыш мезгилине даярдыкты көрүү мерчемин үзгүлтүккө учуратпоо максатында Жумгал районунун ДЭП №24 жол тейлөө ишканасы тарабынан 3 инженердик техника, Кара-Кече көмүр ишканасынан 7 инженердик техника жана 15 жумушчу тартылган. Жыйынтыгында 1,200 метр унаа жолу курулуп жол каттамы эки тараптуу ачылган.

Мындан тышкары, 8 даана электр зым тиректери орнотулуп 400 метр аба чубалгысы тартылып элетр энергия менен камсыздалды.

Пикир

Оставить комментарий