• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дыйкандар күтүлгөн планды 2,9 пайызга ашыгы менен аткарышты – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. 2017-жылы дыйкандар жаздын кеч келишине карабастан жакшы жыйынтыктарга жетишти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өсүмдүк өстүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Жигиталы Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, жашылча жемиштерди өстүргөндөр жакшы түшүм – 1 миллион тоннадай жашылча алышкан.

“Учурда экинчи түшүмдү жыйноо жүрүүдө. Биздин божомол боюнча жалпысынан бир миллион тоннадан ашык түшүм жыйноо пландалууда. Пахта терүү боюнча түштүк облустар алдыда, картөшкө боюнча Ысык-Көл жана Талас облустары. Андан сырткары Чүй облусунда жана Оштун Кара-Суу районунда жүгөрү жыйналып жатат. Быйыл кант кызылчасы 1 миң тоннага азыраак тигилгенине карабастан түшүм былтыркыга караганда көбүрөөк алынды. Жыйынтыгында 70 миң тоннага көбүрөөк түшүм жыйноо күтүлүүдө”, - деп түшүндүрдү ал.

Жумалиев быйыл жемиштер дагы былтыркыга караганда көбүрөөк түшүм бергенин кошумчалады.

“Мындай жыйынтыктар өкмөттүн дыйкандарга жеңил насыя берүү аркылуу колдоосунан улам болду. Быйыл 5,3 миллиард сом берилген, бул былтыркыга салыштырмалуу 1 миллиард сомго көп”, - деп белгиледи ал.

Жумалиев жыйынтыгында 2018-жылдын 9 айында айыл чарба тармагынын планы 102,9 пайызды же 83 миллиард 43 миллион сомду түзгөнүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий