• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дыйкандар картошкасын жөнөкөй кардарларга сатпай жатат – Айыл чарба министрлиги

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 14.02.19 /Кабар/. Кыргызстанда дыйкандардын картошкасын сатып аламын деген кардарлар бар. Бирок алар жазда картошка кымбаттайт деп сатпай жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев "Марал" радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, учурда кардар келип жаткандан кийин картошканы сатуу туура болот.

"Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги да картошканы сатуу маселесин чечүүгө аракет кылып жатабыз. Бул боюнча Экономика министрлиги иштеп жатат. Чоң ассоциациялар да картошканы сыртка сатууга жардам берүүдө. Биздин министр картошканы экспорттоо боюнча Өзбекстанга сүйлөшүүлөргө кеткен. Анын жыйынтыгы тууралуу дагы кабар беребиз", – деди Керималиев.

Буга чейин дыйкандар картошкасын сата албай, банкрот болгонун билдирип чыгышкан.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Кыргызстанда 144 миң тонна картошка өндүрүлгөн. Февраль айына карата экспортко даярдалган 70 миң тонна картошка калды.

Пикир

Оставить комментарий