• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дыйкандарга «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоору боюнча 4,7 млрд сомго 9 миңден ашуун насыя берилген

Экономика 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 20-августуна карата «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоору боюнча үч категорияда 4 млрд 757 млн 600 миң сом суммасына 9 миң 342 насыя берилген.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, АЧК-Фермер категориясы боюнча жалпы 3 млрд 540 млн сомго 9 миң 128 насыя берилген.

Анын ичинен:

-өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагына -415,2 млн сомго 1247 насыя;

-мал чарбачылык тармагына-3124,3 млн сомго 7881 насыя.

Банктар боюнча алганда:

-“Айыл Банк”ААК 1450,4 млн сомго 3279 насыя;

-“РСК Банк” ААК 1599,0 млн сомго 4122 насыя;

-“КИКБ” ЖАО 100,0 млн сомго 120 насыя;

-“Бай Түшүм Банк” ААК 16,1 млн сомго 51 насыя;

-“Бакай Банк” ААК 225,0 млн сомго 601 насыя;

-“Оптима банк” ААК 100,0 млн сомго 724 насыя;

-“Кыргызстан” ААК 49,2 млн сомго 231 насыя.

АЧК-Кластер категориясы боюнча жалпы 255,2 млн сомго 99 насыя берилди, анын ичинен.

-“Айыл Банк” ААК 127,9 млн сомго 61 насыя;

-“РСК Банк” ААК 127,2 млн сомго 38 насыя.

Кайра иштетүү ишканаларына жалпы 962,5 млн сомго 115 насыя берилди, мунун ичинен:

Банктар боюнча алганда:

-“Айыл Банк” ААК 498,2 млн сомго 67 насыя:

-“РСК Банк” ААК 464,3 млн сомго 48 насыя.

Тамак-аш кайра иштетүү ишканаларына жалпы 559,5 млн сомго 103 насыя берилди, анын ичинен:

-“Айыл Банк” ААК 298,2 млн сомго 62 насыя;

-“РСК Банк” ААК 261,3 млн сомго 41 насыя.

Данды жана азык-түлүк буудайына кайра иштетүүчү ишканаларына жалпы 403 млн сомго 12 насыя берилди, анын ичинен:

-“Айыл Банк” ААК 200,0 млн сомго 5 насыя;

-“РСК Банк” ААК 203,0 млн сомго 7 насыя.

Пикир

Оставить комментарий