• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт: Дыйкандарга берилип жаткан жеңил кредиттердин максаттуулугу текшерилет

Аймак 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунун алкагында каражаттарды максаттуу берүү текшерилет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчы Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы жазгы-талаа иштеринин жана ирригациялык каналды тазалоонун жүрүшү менен таанышты.

Абылгазиев менен маектешүүдө аграрийлер жеңилдетилген насыя берүү шарттарын жакшыртуу тууралуу маселени көтөрүштү.

Премьер-министр белгилегендей, "Айыл Банк" жетекчилиги менен жеңилдетилген жана узак мөөнөттүү насыялоонун фермерлерге жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү чаралары талкууланат.

«Дыйкандардын айыл чарба кооперативдерине биригүүсү артыкчылыктуу болуп саналат. Үрөн жакшы болгон шартта гана бай түшүм алууга болот. Бул маселеге чоң көңүл бурулат. Элет эмгеги өтө оор жана талыкпай иштөөнү талап кылат. Калкыбыздын көпчүлүгү агрардык тармакка тартылган, буга байланыштуу айыл чарбасын мындан ары карай өнүктүрүү ар дайым артыкчылыктуу болуп саналат»,- деди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий