• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дыйкандарга дээрлик 4 млрд сомго 7,5 миң жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоорунун алкагында дыйкандарга 4 млрд сомго 7,5 миң жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 1 млрд 99 млн 36 миң сомго 2 миң 700 насыя берилди.

Анын ичинен банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 512 млн 553 миң сомго 1113 насыя;

– “РСК Банк” ААК 452 млн 678 миң сомго 1156 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 776 млн 765 миң сомго 208 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 6 млн сомго 1 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 13 млн 180 миң сомго 65 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 37 млн 860 миң сомго 157 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 279 млн 450 миң сомго 4625 насыя берилди, анын иченен банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 1 млрд 116 млн 180 миң сомго 1935 насыя;

– “РСК Банк” ААК 917 млн 600 миң сомго 1998 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 148 млн 235 миң сомго 294 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 14 млн сомго 4 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 33 млн 205 миң сомго 180 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 50 млн 230 миң сомго 214 насыя.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча жалпы 613 млн 50 миң сомго 218 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 309 млн 865 миң сомго 115 насыя;

– “РСК Банк” ААК 196 млн 940 миң сомго 73 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 63 млн 500 миң сомго 15 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 7 млн сомго 5 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 35 млн 745 миң сомго 10 насыя.

Жалпы бардыгы болуп үч категория боюнча3 млрд 991 млн 536 миң сомго 7 543 насыя берилген.

Пикир

Оставить комментарий