• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дыйкандарга үрөндү базар наркынан 30%га арзан сатып алууга шарт түзүлөт - Керималиев

Саясат 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Үрөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо мыйзамына ылайык, 2020-жылдын жазгы айдап-себүүдөн тартып дотациялоо системасы ишке киргизилип, дыйкан-фермерлерге үрөн чарбаларынан сертификацияланган үрөндү базар наркынан 30%га чейин арзан баада сатып алууга шарт түзүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, түшүмдүүлүк 10-15%га чейин өсүшү күтүлүүдө.

"Быйыл үрөнчүлүк тармагына 65 млн сомдук дотациялык каражаттарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп, дыйкандарды кондициялуу үрөндөр менен камсыздоо 84%га чейин жеткирилет. 2017-2019-жалдары 6185 кг жашылча үрөндөрү Япония, Тайвань, Корея жана Россия өлкөлөрүнө экспорттолду", - дейт ал.

Ал маалымдагандай, беденин үрөндөрүн 2021-жылы Россиянын Омск, Челябинск облустарына экспорттоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий