• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Дыйкандарга жыл башынан бери 5 млрд. сомдон ашуун суммада жеңилдетилген насыялар берилди

Экономика 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 6-сентябрына карата «Айыл чарбаны каржылоо – 6» долбоорун ишке ашыруунун алкагында республиканын 10 831 айылдык товар өндүрүүчүсүнө 5 млрд 18 млн 339 миң сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди.

Көрсөтүлгөн сумманын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 1 млрд 479,5 млн сом, мал чарбачылыкка – 2 млрд 768,2 млн сом, кайра иштетүүгө жана кызмат көрсөтүүлөргө – 1 млрд 6,1 млн сом бөлүнүп берилди.

Маалымат катары айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-февралындагы №92 токтому менен бекитилген «Айыл чарбаны каржылоо – 6» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 11 коммерциялык банктын ортосунда жалпы суммасы 5 млрд 816 млн сомду түзгөн пайыздык чендерди субсидиялоо жөнүндөгү келишимдерге кол коюлган.

Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга республикалык бюджетинде «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоорунун үчүнчү фазасын, «Айыл чарбасын каржылоо – 5» долбоорунун экинчи фазасын жана «Айыл чарбасын каржылоо – 6» долбоорунун биринчи фазасын ишке ашыруу үчүн 1 млрд 50 млн сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий