• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Джек Ма” фондунан келген гуманитардык жардам кандай бөлүштүрүлөт? Каратаевдин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. "Джек Ма” фондунан жана “Алибаба” компаниясынан келген гуманитардык жардам карантиндик чөлкөмдөгү көбүрөөк муктаждыктар бар болгон жайларга бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, гумжардам өлкөнүн беш аймагына бөлүштүрүлөт.

"Кытайдан келген гуманитардык жардамдын 200дөй комплекти Сузак, Ала-Бука, Ноокат району жана Жалал-Абад, Ош шаарына кетти. Саламаттык сактоо министрлигинде гумжардамды бөлүштүрүүгө комиссия түзүлгөн. Алар кайсы жакта көбүрөөк муктаждык болсо, ошол жакка медициналык каражаттарды жиберет", - дейт министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, гуманитардык жардам "Алибаба" жана "Джек Ма" фонддору тарабынан жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды (255 миң $ ашык) түзгөн коргоочу кийим, беткап, термометр өңдүү каражаттар тибинде келди.

11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 339га жетти. Алардын ичинен 51и дарыгер. Коронавирустан 44 жаран айыкса, 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мынданн улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий