• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Джолдошбек Джунушев "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.02.18 /Кабар/. Джолдошбек Джунушев Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалунуу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мамкомитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жетекчини бүгүн МИ "Кыргызкөмүрдүн" коллективине ӨЭЖМКнын төрагасы Уланбек Рыскулов жана анын орун басары Азис Сапаралиев тааныштырышты.

Мындан тышкары, У.Рыскулов ишкананын жумушун жакшыртуу максатында кызматкерлердин астына бир нече тапшырмаларды койду, мисалы, тынымсыз элди көмүр менен камсыз кылуу жана 2018/2019 жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилине сапатту даярдануу.

Джунушев Джолдошбек Маликович, 22.06.1972 ж. төрөлгөн, биринчи жумушун Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Мамлекеттик салык испекциясынын инспектордун ордунан баштаган, акыркы ээлеген кызматы - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.

Пикир

Оставить комментарий