• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Джунушпаевдин жана Садырованын жергиликтүү соттордогу судьялык ыйгарым укуктары токтотулду

Президент 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин З-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтуу сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу менен Джунушпаев Кыдык Карыбаевичтин Чуй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 23-майынан тартып жана Садырова Чинара Идрисовнанын Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 27-июнунан тартып токтотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий