• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дзюдо боюнча Бишкек мэринин кубогу өтөт

Спорт 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/.Үстүбүздөгү жылдын 1-2-октябрында "Газпром-Балдар" спорттук-эс алуу комплексинде дзюдо боюнча Бишкек шаарынын мэринин кубогу өтөт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, турнир 3-жолу өтүп жатат. Биринчи турнир 2019-жылы өткөн. 2020-жылы ал пандемиядан улам токтотулуп, экинчиси 2021-жылы өткөрүлгөн.

Кубокко 2005-2007-жылы туулган улан-кыздар 8 салмак категориясы боюнча катышат. Ага борбор калаанын спорттук мектептеринен жана клубдарынан 100дөн ашык спортчу катышары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий