• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дзюдо боюнча дүйнө чемпиону Кыргызстанда семинар өтөт

Спорт 0

Бишкек, 15-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Эл аралык дзюдо федерациясынын директору жана 1991-жылдагы дүйнө чемпиону Даниэль Ласкау кыргызстандык машыктыруучулар үчүн семинар өтөт. Бул тууралуу КР Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришти.

Алардын маалыматында, семинардын өтүшү боюнча келишим КР УДФ президенти Жолдошбек Көлбаев жана вице-президент Абай Молдокановдун Анкарага болгон иш сапарында макулдашылган. Ушул жылдын октябрь айынын башындаТашкентте гран-при турнири өтөт.

Турнир өткөн соң Бишкек шаарында кыргызстандык машыктыруучулар үчүн Даниэль Ласкаунун катышуусунда семинар өтмөкчү.

Иш сапардын алкагында Улуттук дзюдо федерациясынын башчылыгы менен Бишкек шаарында эл аралык дзюдо академиясын ачуу боюнча макулдашуулар өттү.

Пикир

Оставить комментарий