• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дзюдо боюнча курама команда Ысык-Көлдө машыгууларын өткөрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азия чемпионатына даярдык көрүү максатында дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатышат. Жыйын 11-ноябрында старт алып, 25-ноябрына чейин уланат.

Белгилей кетсек, улуттук курама команданын окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий