• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дзюдо боюнча Кыргызстан Россияга 6:2 эсебинде утулуп берди

Спорт 0

Бишкек, 21-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен Челябинск шаарларынын дзюдочулары беттешти. Дзюдо федерациясынан билдиришкендей анда 21 жашка чейинки спортчулар беттешкен.

Кыргызстандын командасынын курамында 7 спортчу чыккан.

“Аталган матч Кыргызстанда өтүп жаткан Челябинск облусунун күндөрүнүн алкагында уюштурулган. Ага конок катары 2012-жылкы олимпиада чемпиону, 2009-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын коло медалынын ээси Мансур Исаев чакырылган.

Беттеште Кыргызстандын командасы 6:2 эсебинде конокторго утулуп берди.

Пикир

Оставить комментарий