• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эң бактылуу өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды – Кыргызстан канчанчы орунда?

Коом 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Эң бактылуу өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан 92-орундан 86-орунга алдыга жылган. Бул тууралуу World Happiness Report изилдөөлөрүндө айтылат.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы бүгүн http://worldhappiness.report/ed/2019/ булагында жарыяланган. Жалпысынан докладда 156 өлкө каралып, биринчи кезекте жашоонун узактыгы, социалдык колдоо, коррупция жана башка көрсөткүчтөргө көңүл бурулган.

Аталган доклад БУУнун буйрутмасы менен түзүлгөн. Биринчи жолу мындай изилдөө 2012-жылы жүргүзүлгөн.

Рейтингде биринчи орунду экинчи жыл катары менен Финляндия мамлекети ээлеп келет. Ошондой эле эң бактылуу өлкөлөрдүн катарына Дания, Норвегия, Исландия, Нидерланды, Швейцария, Швеция, Жаңы Зеландия, Канада жана Австрия кирген.

Ал эми бактылуу эмес өлкөлөрдүн катарына: Түштүк Судан (акыркы 156-орун), Борборазиялык ортоафрикалык республика (155-орун), Афганистан (154), Танзания (153), Руанда (152), Йемен (151), Малавилер (150) кирген.

Кыргызстандын жакын коңшуларынын арасынан алдыңкы өлкөлөрдүн тизмесине 41-орунду ээлеп Өзбекстан кирген, Казакстан- 60-орун, Тажикстан – 74, Кытай – 93. Россия 68-орунду ээлеген, ал эми Түркмөнстан – 87-орунда жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий