• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эң чоң самсы жана майда манты. “Даамдуу Live” теледолбоору Ош шаарында

Коом 0


Бишкек, 10.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатууга багытталган “Даамдуу live” долбоорунун экинчи чыгарылышы чыкты.

Бул ирет алып баруучу Адилет Ногойбаев АКШ элчилигинин пресс-атташеси Нолен Жонсон жана Германия элчилигинин маданият маселелери боюнча атташеси Лаура Кюнгель менен Ош шаарына сапар алды.

Ошто Ногойбаев коноктор менен бирге эң чоң самсы менен майда мантыны өз колдору менен жасап, рекорд койду.

Эскерте кетсек, “Даамдуу live” долбоору "Кабар" маалымат агенттигинин маалыматтык колдоосу менен ишке ашыууда.

Пикир

Оставить комментарий