• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Көйгөйлүү кварталдар: Оштун мэри 222-223-кварталдын жашоочулары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардын четиндеги Курманжан датка муниципалдык аймагына караган 222-223-кварталдын жашоочулары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мэр таза сууну толук жеткирүүгө каражат бөлүнгөнүн, кийинки жылы бала бакча курулаарын билдирди.

“Өткөн жылы бул кварталдарга биринчи жолу таза суу тартып келгенбиз. Жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп берген элек. Эми экинчи этап менен сууну ички көчөлөргө да толук жеткирүү үчүн быйыл да жергиликтүү бюджеттен 10 млн сомдон ашык каражат бөлүп бердик. 6 айдын жыйынтыгы менен жаңы бала бакчанын курулушун да баштоону пландап жатабыз. Кийинки жылы бала бакча куруп беребиз. Ал эми республикалык бюджеттен каржыланган мектептин курулушу кайра жанданды. Спорт залы менен кошо курулуп жатат. Каражат толук бөлүнүп берилсе, быйылкы жылы мектептин курулуп бүтүшү күтүлүп жатат”,- деди мэр Сарыбашов.

Жашоочулар жол боюнча да суроо берип, калаа башчысы кийинки жылдын планына киргизилээрин айтты.

Мэриянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, 275 орундуу мектептин курулушу 2016-жылдын аягында башталып, 75% курулуш иштери аяктаган.

Аталган кварталдарда 3 миңден ашуун калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий