• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эң көп Чүйдө. Кыргызстанда жыл башынан бери 44 адам сууга чөгүп каза болгон

Кырсык 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Өлкө боюнча жыл башынан бери сууга чөгүп каза болгондордун саны 44 адамды түзгөн болсо, анын ичинен 12 бала 12 жашка чейинкилер. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аймактар боюнча алганда:

- Чүй облусунда 10 адам каза болду, анын ичинен 1 жаш бала;
- Нарын облусунда 2 адам каза болду;
- Талас облусунда 4 адам каза болду, анын ичинен 3 жаш бала;
- Ысык-Көл облусунда 6 адам каза болду, анын ичинен 1 жаш бала;
- Жалал-Абад облусунда 8 адам каза болду, анын ичинен 3 жаш бала;
- Баткен облусунда 2 адам каза болду, анын ичинен 1 жаш бала;
- Ош облусунда 3 адам;
- Ош шаарында 5 адам каза болду, анын ичинен 3 жаш бала;
- Бишкек шаарында 4 адам каза болду.

ӨКМ сууга түшүүчү жайларда этият болууну, өзгөчө жаш балдарды жалгыз таштабоону эскертет.

Пикир

Оставить комментарий