• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Эң кымбат көмүр Ноокатта, арзаны Чаекте сатылууда — Статком

Экономика 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 14-октябрга карата көмүрдүн орточо керектөө баалары өткөн жылга салыштырмалу бир тонна үчүн 793,7 сомго же 17,9 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүр) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде берилген.

Муну менен бирге, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн - 4000 сом) Нарын шаарында (бир тонна үчүн – 4 200 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тонна үчүн - 9 262,8 сом), Исфана (бир тонна үчүн – 8 485,3 сом) жана Баткен (бир тонна үчүн – 8 242,6 сом) шаарларында катталды.

Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу көмүргө карата баалардын Кербенде - тоннасы 3 366,1 сомго же эки эсе, Жалал-Абадда - тоннасы 1 725 сомго же 36,2 пайызга жана Баткен шаарларында тоннасы 1 604,5 сомго же 24,2 пайызга өскөндөгү белгиленди.

Ал эми Талас шаарында көмүрдүн баасы - тоннасы 61,8 сомго же 1,1 пайызга төмөндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий