• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

E-Kyzmat системасынын артыкчылыктары

Коом 0

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында E-Kyzmat системасы тууралуу кененирээк маалымат берди.

Анын айтуусу боюнча, бирдиктүү e-Kyzmat системасы иштелип чыгып, анын жардамы менен муниципиалдык кызматкерлерди окутуу электрондук негизде жүргүзүлөт. Автоматташтырылган маалыматтык система маалыматтарды тез иштеп чыгуу, кызматчынын, бөлүмдүн, мамлекеттик органдын планын аткарууну көзөмөлдөө, кызматкерлердин эмгегин аткарылган иштерге ылайык жана калыс баалоого багытталган. Бул система “Инфоком” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылууда.

Е-Kyzmat жаңы системасынын негизги милдеттери:

  • Иш алып барууну жакшыртуу: кадр маселелерин электрондук форматта чечүү маселелерин түзүү.
  • Маалыматтарды колдонуу: маалыматтарды чогултуу, иштетүү, колдонуу функцияларын автоматташтыруу.
  • Ишенимди көзөмөлдөө: кадр маселелерин чечүүдө, так жана толук маалыматтык колдоо көрсөтүү.

Олег Тарабинский белгилегендей, бул система көп ведомстволор үчүн негиз боло алат, бул жакка Салык кызматы да кирет. Мындан тышкары, каталар алынып салынат. Мисалы, туура эмес маалыматтар киргизилгенде система иштебей, токтоп калат.

“Былтыр биз 42 мамлекеттик органды санариптештирдик. Бул жылы облустагы өкүлчүлүктөрдө иштер жүрүүдө. Ал эми кийинки жылы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын санариптештирүү жүрөт. Бул иш оор болушу мүмкүн, анткени байланыш баардык жерде эле боло бербейт. Санариптештирүү бүткөндөкн кийин жарандар мамлекеттик кызматтарды “он-лайн” режиминде колдоно алышат”, - дейт Тарбинский.

Мамлекеттик кадр кызматынын электрондук башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Индира Шаршенова белгилегендей, e-Kyzmat системасынын мамлекетке алып келген пайдасы:

  • Бийликтин баардык бутактарына, жада калса айыл өкмөттөргө чейин регламенттик жетүү.
  • Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары ортосунда байланышты ыкчамдатуу.
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка тандоону ачыктоо.
  • Улуттук кадр резервинде тургандардан реестр түзүү.

Жарандар үчүн жакшы жактары:

Мамлекеттик органдардагы бош орундарды дайыма көрүү.

Ведомстводон кабарлашкандай, бул системаны иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 6 млн. сом бөлүнгөн.

“Е-Kyzmat системасына 2019-жылдын январь айында 44 маморган кошулган (анын ичинде 2 айыл өкмөт), 8 миң 960 мамкызматкердин маалыматы санариптештирилген. Бул жылы бүт республика боюнча баардык аймактык түзүмдөрдү кошуу пландалууда”, - дейт Тарбинский.

Пикир

Оставить комментарий