• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Э. Момунов: Тоок ишкерлери Өкмөттүн колдоосуна муктаж

Аналитика 0

Кыргызстандагы белгилүү журналист жана ишкер Эмилбек Момунов чакан тоок фермасын түзүп, жеке ишкерлик менен да алектенет. Ал «Кабар» маалымат агенттигинин окурмандары менен тоок ишкерчилигин ачуунун жолдору, аларды каяктан, кантип алыш керек, багуудагы кыйынчылыктар, тоокторго мамиле кылуунун шарттары, түшкөн киреше жана башка пайдалуу кеңештер менен бөлүштү.

Тоок ишкерчилигин муктаждыктан улам баштагам

Азыркы учурда көп эле бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлык маянасы аз эмеспи. Ал күнүмдүк жашоого жетсе жетет, жетпесе өп-чап болуп эптемей каражат. Бирок башка керектөөлөргө: үй салам, машина алам дегенге жетпейт. Бир чети балдарым чоңоюп, бой жетип калышты. Демек, алгач муктаждык пайда болуп, анан эмне кылсам деп ойлонуп отуруп, алгач келинчегим экөөбүз козукарын өстүрүп баштадык. Ага көп каражат, убакыт, күч кетти. Козукарынды өстүрө турган жай салкын болушу керек, мисалы кадимки үйлөрдө, имараттарда катып калып, өспөйт экен. Кышкысын жылуулук 20 даражадан төмөн болбошу шарт. Ал эми көмүр же электр энергиясы менен жылытууда өзүнүн баасы дагы чыкпай калышы мүмкүн. Ошентип козукарын ишкерчилигибиз имарат маселесинен улам токтоп калган.

Ал учурда мен «Кабар» маалымат агенттигинде иштечү элем. Ишкерчилик негизи муктаждыктан улам келип чыгат экен. Ошол жылдары журналисттер тоок ишкерчилигин аябай жарнамалап жатышкан. Биз дагы үй-бүлөбүз менен тоок ишкерчилиги кирешелүү бизнес экенине көзүбүз жетип, козукарын өстүрүүдөн тоок багууга өтүп кеттик. Алгач келинчегим кыргыз - голландия биргелешкен «Натуро – агро» компаниясына барып, тоок ишкерчилиги боюнча окуудан өтүп келди.

Иштин башталышы көп кыйынчылыктар менен коштолду

Тоок десе эле мен оңой ойлогом. Мисалы, айылда ар бирибиздин үйүбүздө 10, 15 тоогубуз болот эмеспи. Ошолордой жем чачып койсом эле жумуртка берет деп түшүнчүмүн. Бирок биз капиталдан баштап, тооккананы салган, керектүү шаймандарды сатып алып, орноткон, өндүрүлгөн жумурткаларды сатып өткөрүүгө чейин кадам сайын кыйынчылыктарга туш келип, аларды өздөштүргөндөн кийин гана ийгилик жаралып, пайда көрө баштадык. Учурда тооктун экинчи муунун өстүрүп жатам. Негизи алар 1 жыл алты ай, 1 жыл сегиз ай жумуртка берет. Ал эми жумуртка берүү пайызы азая баштаганда алмаштырууга туура келет. Азыркы алган тоокторум «Декалб» деп аталат. Ал эми мурункусу «Корал» деген пародадагы тооктор болчу.

Тоок ферманы ачууда атайын окуудан өтүү зарыл

Ишкерчиликтин бул түрү менен алектенүүнү чечкендер алгач атайын окуудан өтүүсү шарт. Маселен, санитардык, гигиеналык эрежеден тартып, аларга кандай мамиле кылыш керектигине чейин үйрөнүү зарыл. Тоок ишкерчилиги негизинен тооккана куруудан башталат.Тоок кармоодо кичине эле ката кетирсең, алар кырылып калышы мүмкүн. Мындан улам жогоруда аталган мекеменин ветеринардык жардамын колдонуп туруу маанилүү. Бул ишкерчиликке кызыккандар үчүн айта кете турган жагдай, тоок өтө назик, сезимтал жандык болот. Өзгөчө көктөм мезгилинде адамдар сасык тумоого чалдыкса, алар дагы бул оору менен оорушат.

Ишти 200 тоок менен баштагам

Мен алгач 200 тоок алгам. Ар бир тоок 350 сомдон бааланып, жалпысынан 70 миң сом кеткен. Болжол менен бул ишкерчиликти баштоого 200 миң сом жумшадым. Студент кезимен эле курулуш тармагында иштеп, экинчи кесибим курулушчу болгондуктан улам, тооккананы өзүм салып, усталарга кете турган 100 миң сомдой каражатты үнөмдөп калдым. Жада калса, топуракты да сатып албай, огороддон чыкты. Аны салганга сапаттуу курулуш материалдарын колдонуу абзел. Тооккананын ичин кара шыбак менен калтырып койбош керек, дубал кара болуп турса тооктордун маанайы чөгөт. Кум менен шыбаган соң актап койсоң көңүлдөрү куунак болот. Тооктордун астын бетондоп, желдеткичтерди орнотуу негизги шарт. Жарык өчүп калганда андагы орнотулган айнектерден табигый жарык тийип туруусу зарыл.

Тоокторду алмаштырган соң, алар 2 айдан кийин жумуртка бере баштайт

Биздин тооккана 300 тоокко ылайыкталган. Бул саам «Декалб» пародасындагы 300 тоок алгам. Тоокторду алмаштырган соң, алар дароо эле жумуртка бере баштабайт. Эки ай бекер багасың. Алгач 35, 40 граммдык майда жумуртка берет. Аны дүкөндөргө сата албайсың, өзүң, тууган-уругуңа бересиң. Тааныштарга бекер таратасың. Бул саам февралда алмаштыргам, апрелден тартып жумуртка бере баштады.

Тоокторду алмаштырууда да көйгөйлүү маселе бар

Тооктор жумуртка аз берип калганда алмаштырылат. Жумуртка берген тооктор арык болот. Ал эми аларды семиртип, сатканга өзүнчө жай талап кылынат. Менде андай жай жок болгондугуна байланыштуу, арзан эле дүңүнөн сатып салдык. Кыйналып, 150, 100 сомдон сатып араң жок кылдык. Биздики жаңы жылдын алдында туш келип, жакшы өттү.

Жемди атайын даярдалган кошулмалары менен алуу шарт

Мен күнүнө 260 жумуртка чогултуп, аны 6 сомдон өткөргөндө 1500 сомдун тегерегинде каражат болот. Анын жарымысы жемге кетет. Мындай акча бизнесте жакшы эле киреше деп эсептелет. Баардык эле соода тармагында товарыңды сатуу биринчи маселе. Себеби сен товарыңды сата албай калсаң, күйүп каласың да. Дыйкандар картошкасын, сабизин сата албай бир жылы банкрот болсо, кийинки жылы баасы өсүп, жомоктогудай байып кетишүүдө. Тоок ишкерчилигинен жомоктогудай байып кете албайсың. Анткени жумуртканын баасы өтө жогору болбойт. Мен дүңүнөн 6 сомдон дүкөндөргө өткөрөм, алар 2 сомго чейин кошуп сатышат. Себеби биздин жумурткалар жакшы өтөт. Жемди жогоруда аталган компаниядан сатып алабыз. Күнүнө 800 сомдук жем керектелет. Ага 10дон ашык аралашма кошулат. Биздин эле дыйкандардан арпа, жүгөрү, буудай, балыктын майын сатып алып, анан европадан аралашмаларды алып келишип, баарын кошуп, тооктордун жемин даярдашат. Эгер алардын жемин албай, базардан арзаныраагын сатып алсаң, анда сенин тоокторуң туубай коет.

Тооктор өтө сезимтал болот

Тооктордун пародаларын фирмалар өздөрү сунуштайт. Буга чейинки тоокторумдун мүнөзү адамдардай эле. Бири-бирин, айрым учурларды сени дагы чокуп салчу. Тооктор жумуртка тууганда гемморой болуп оорушат. Кыжаалат болуп, бирин - бири чокулап өлтүрүп коюшат. Андыктан тооккана өтө жарык эмес, караңгы эмес, гезит окула тургандай болушу керек. Азыркылар жоош, жакшы, бирин - бири чокуган адаттары жок.

Тоокторго кам көрүү, аларды кантип караш керек?

Эң негизгиси тооканада аба таза болушу шарт. Желдетип туруш үчүн, астындагы бетонго суу чачып туруш керек. Анткени күндүн ысыгында бетондон ысык чыгат. Таза аба, анан таза суу болушу абзел. Кадимки адам сыяктуу. Тоокканага башка адамдарды киргизбеш керек. Мен кирээрдин алдында атайын формам бар, ошону кийип анан кирем. Тооктор кызылга өч болот. Ошол үчүн кызыл кийим кийип кирбейбиз. Бирок тынчтыкты сүйүшөт. Маселен, сырттан катуу дабыш чыгып калса, алар дүрбөлөңгө түшүп кетишет. Ошондой эле, тоокананын үстүн жаап жатканда азыр модага айланып, көптөр колдонуп жүргөн темир калайлар менен жаппаш керек. Себеби жамгыр жааганда андан жаңырып үн чыгат. Бул тоокторго терс таасир берет. Тооккананы айылда үй салгандай, дубалды, үстүн дагы ылай менен бүтүргөн жакшы. Себеби ылай дубал арзан түшөт, андан тышкары кышында суукту, жайында ысыкты өткөрбөйт. Үстүнө ылайды көбүрөөк төшөп койсоң, ызы - чууну өткөрбөйт.

Санитардык көзөмөл

Эртең мененки 6да тоокторду ойготом. Жайкы ысыкта күнүнө 100 литр суу, эки ирет жем жешет. Ал эми санитардык көзөмөл тууралуу сөз кыла турган болсок, айрымдар тооктор турган жердин астын борбордук канализацияга кошуп, аны суу менен жууп коюшат экен. Ал туура эмес. Себеби кыктар канализацияны толтуруп салат. Мисалы, мен мурда күн сайын тазалачумун. Азыр жумасына эки ирет тазалайм. Тооктордун астына кирип, жумасына эки жолу 10-12 чака кык алып чыгам. Аны сыртка төгөм. Ысыкта бат эле кургап, анын зыяны жок. Сасык жыты кетип калат. Айрым учурларда жер иштеткен дыйкандар алып кетишип, жер семирткич катары колдонушат. Ал эми жаз мезгилинде унаага жүктөп эгин талаасына төгөбүз.

Жумурткаларды сатып өткөрүү жагынан өтө деле кыйналбайм

Биздин жумурткалар жакшы болгондуктан, туруктуу кардарларым бар. Тооктор саат 10дон баштап тууй баштайт. Түшкө чейин, тагыраагы саат 1-2 ге чейин 80% жумуртканы чогултуп коебуз. Тооккторду дагы көбөйтсөмбү деген планым бар. Тоок канчалык көп болсо, ошончолук пайда көп түшөт. Мисалы, 100 жумуртка сатсаң 600 сом пайда көрөсүң, анын 300 сому жемине кетсе, 300 сом пайда, ал эми 1000 жумуртка сатсаң 3000 сом пайда көрөсүң. Тоокторду алмаштырганда зыянга учурап калат экенсиң. 2-3 ай токтоп, кардарыңды дагы жоготосуң. Башка тоок ишкерчилиги менен алектенгендердин айтымында, эки тооккана болгону жакшы экен. Маселен, бир тоокканадагы тоокторду алмаштырганда экинчиси иштеп турат. Мындан улам мен дагы ишкерчилигимди кеңейтип, тооктордун санын көбөйтсөмбү деген пландарым бар.

Тоок ишкерчилигинин экономикага тийгизген пайдасы

Менин эсептеп чыгышыма караганда тоок ишкерчилиги 5-6 тармакты сүйрөп кетет. Биринчиден, компаниядан жемди сатып алабыз. Ал эми компаниялар дүңүнөн дыйкандар менен келишим түзүп, АРПА, буудайларын алышат. Мындан тышкары такси, жүк ташуучу машина кызматын пайдаланабыз. Алып, сатып, ортодон пайда көргөн дүкөнчүлөр да бар. Тоокторду дарылаганга дары-дармек алабыз, мында алардын иши жүрүшөт. Ал эми тоокту алмаштырганда аны ишкер катары бирден сатып отура албайсың, дүңүнөн сатабыз. Ал жерден алып саткандар ортодо пайда көрүп, жумуш менен камсыздалат. Кыскасы, 5-6 тармакты камтып, экономиканы алдыга тартууда тоок ишкерчилигинин пайдасы өтө чоң.

Тооктун кыгы - көйгөйлүү маселе

Тоок ишкерлеринин эң көйгөйлүү маселелеринин бири бул - тооктун кыгын жок кылуу. Учурда дүйнө жүзүндө экологияны сактап калуу маселеси көтөрүлүп, био газды өндүрүү колго алынып жатат. Биздин Кыргызстанда дагы “Филюд” деген фирма биогаз өндүрө турган аппаратты жасайт экен, бирок ал өтө кымбат турат. Ошол эле учурда ага муктаждык көп. Тооктун кыгы өтө күчтүү болгондуктан, аны дароо жер семирткич катары пайдалануу опурталдуу болот. Бир жыл жатып, күйүп, күчүн жоготкондон кийин колдонулбаса, жерди күйгүзүп жиберет. “Филюд” ишканасы тооктун кыгынан, тамак-аштын калдыгынан биогаз чыгарышат. Бирок алар тапшырык берсең эң эле кичинекей дегенде 5 кубо метрлик аппарат жасайбыз дешти. Ал эми баасы 9 миң АКШ долларын чапчыйт экен. Бул акчаны биз төлөй албайбыз. Мен үй-бүлөмдү биогаз менен камсыз кылууну ойлонуп жүрөм. Тооктун кыгынан кадимкидей эле метан газы алынат. Мисалы, чоң бочкага 50 кг тооктун кыгы, 100 литр суу керектелет. Ал аралашып отуруп, кадимки суу май сыяктуу болуп, ачыган соң андан газ чыгат. Иштелип чыккан суюктук жер семирткич катары пайдаланылса өтө пайдалуу. Түшүмдүүлүк 2-3 эсе көп, мол болот. Аталган ишкананын иликтөөсүнө ылайык, мындай кыкты колдонгондон кийин түшүмдүүлүк 3 эсеге жогору болот экен. Ошондой эле, анда дыйкандардын эң көйгөйлүү маселеси болгон отоо чөп чыкпайт. Акырында бул жер семирткичке өндүрүлгөн жер-жемиштердин курамында эч кандай химиялык зат, нитрат дегендер болбойт. Демек, ЕАЭБдин талабына 100% жооп берет. Ошондой эле, мамлекетибиз жыл сайын 300 млн. сомдун тегерегинде химиялык жер семирткичтерди сатып алууга кетирген каражатты үнөмдөп калмак. Ал эми биогаз тууралуу жогоруда айттым. Бул жагы аздыр-көптүр энергетикалык тартыштыкты да жоёт.

Тоок ишкерлери өкмөткө кайрылуу жолдойт

Кыргызстанда миңден ашык тоок ишкерлери бар. Алардын көйгөйлүү маселелеринин бири - тооктун кыгын жок кылуу. Муну мамлекет колго алып, кыктарды иштетип, био газ чыгарган ишкана ачып койсо ишкерлерге колдоо болот эле. Буга көп каражат талап кылынбайт. Ага өтө чоң эмес челектер, тишелүү жабдыктар жана иштетилген кыктарды дыйкандарга берүүгө ортомчу болуп берсе жетиштүү болмок. Менин эсебим боюнча, Кыргызстан жылына Россия менен Өзбекстандан 300 миллион сомго химиялык жер семиртичтерди сатып алат. Бирок, ЕАЭБдин алкагында химиялык зат менен өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү колдонууга тыюу салынып, алар чек арадан кайтарылып жатат. Жакында эле курамында нитраттын өлчөмү көп делип, 60 миң тонна мөмө-жемиш Россиядан кайтарылды. Ал эми биогаз өндүргөндөн кийинки кыкты дыйкандар жер семирткич катары колдонушса, мындай маселе жаралбайт. Ошондой эле, жогоруда айтылгандай, химиялык жер семирткичтерди сатып алууга жумшалып жаткан 300 миллион сом үнөмдөлөт. Мен өкмөткө тоок фермерлеринин кайрылуусун – даярдап жатам.

“Кабар” маалымат агенттиги аркылуу дагы тексти даяр болгондо беребиз. Эгер өкмөт бул ишти колго алса, ал мамлекетке, тоок фермерлерине, дыйкандарга дагы пайда алып келгени турат. Биогаздан кийин иштетилип чыккан кыктын пайдасы илимий түрдө далилденген. Анда адамдын ден соолугуна зыян келбейт, химикат колдонулбайт. Бул тармакта маалыматтын жетишсиздиги ачык көрүнүп турат. Маселен селитра, жер семирткичтин 1 кг. 25 сомдон сатылат, ал эми дыйкан, фермерлерге кыкты бекер алып колдонгула деген маалымат гана жетиштүү болот. Аны иштетүүдө дагы пайда тапса болот. Ошол эле өндүрүлгөн газды колдонуу жагын эске алсак, бир үй бүлө газ менен камсыз болуп, электр энергиясы үнөмдөлөт эле. Мына тооктун жумурткасынан да бир гана кыгынын пайдасы. Ал эми эти өзүнчө сатылып, жүнүн да колдонсо болот.

Анархан Алтымышова, “Кабар”

Пикир

Оставить комментарий