• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЕӨРБ: Быйыл Казакстандын ички дүң өнүмү 3% төмөндөйт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕӨРБ) божомолуна ылайык, быйыл Казакстандын экономикасы төмөндөйт.

Банктын 13-майда жарыяланган макроэкономикалык баяндамасында мындай божомол казак бийлигинин мунай өндүрүү көлөмүн кыскартуу планын, сырьенун арзандаганын жана айрым экономикалык тармактардын өнүгүшүн жайлата турган карантиндик чараларды эске алуу менен түзүлгөндүгү жазылган.

Божомолго ылайык, мунайга бай Казакстандын ички дүң өнүмү быйыл үч пайыз төмөндөйт. Мунайдын баасы жарым-жартылай калыбына келсе, 2021-жылы кайра 5,5 пайыздык көрсөткүчкө кайтып келет.

Пикир

Оставить комментарий