• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«e-VISA» кызмат көрсөтүүсүн КР кирүү үчүн 28 миңге жакын чет өлкөлүк жаран пайдаланган

Коом 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда «e-Gates» чек ара контролунун автоматташтырылган системасы» («электрондук дарбаза» контактсыз өткөрүү системасы) ишке киргизилген. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул система учуп келген жарандардын ыңгайлуулук деңгээлин жогорулатууга, аба өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмүн көбөйтүүгө, контролер менен жүргүнчүнүн байланышын болтурбоо жолу менен коррупциялык опурталды минималдаштырууга, келген жарандарды эсепке алуу системасын жакшыртууга, ошондой эле ата мекендик электрондук биометрикалык паспорттордун мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга мүмкүндүк берет.

2018-жылы «e-Gates» («электрондук дарбаза» контактсыз өткөрүү системасы) контролдоосунун кызмат көрсөтүүсүн Кыргыз Республикасына кирүүдө 2017-жылдын үлгүсүндөгү электрондук биометрикалык паспорттордун (e-ID) ээлери болгон Кыргыз Республикасынын 9 300дөн ашык жараны пайдаланган.

Кыргыз Республикасынын визаларын алуу жол-жоболорун жеңилдетүү максатында «e-VISA» электрондук виза порталы ишке киргизилген, ал Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине барбастан эле кыска мөөнөттүү виза алууга мүмкүндүк берет. Электрондук виза визага демейдеги арызга караганда көп маалыматты талап кылбайт жана паспорттогу демейдеги виза катары эле Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн ошол эле укукту кепилдикке алат.

2018-жылы «e-VISA» кызмат көрсөтүүсүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн 27 900дөн ашык чет өлкөлүк жаран пайдаланган.

Кыргыз Республикасынын 38 чет өлкөдөгү мекемесинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтүн олуттуу кыскартууга жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү «Паспорт», «ЖААК», «Жарандык» автоматташтырылган маалымат системасы орнотулган жана пайдаланууга киргизилген.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде «Паспорт» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу 8405 жалпы жарандык паспорт даярдалган, «ЖААК» автоматташтырылган маалымат системасында 799 жарандык абалдын актыларын жазуу катталган, «Жарандык» автоматташтырылган маалымат системасында Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча 33 арыз таризделген.

Пикир

Оставить комментарий