• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Э.Абдылдаев Венгриянын Улуттук жыйынынын вице-спикери менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 27.02.18. /Кабар/. Будапешт шаарында КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Борбор Азия форматы боюнча министрлердин жолугушуусуна катышуунун алкагында Венгриянын Улуттук жыйынынын вице-спикери Я.Латорцай менен жолугушту . Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык жолугушуунун жүрүшүндө күн тартибинде турган эки тараптуу жана эл аралык маселелерди талкуулашып, парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө тууралуу сөз кылышты.

Венгрия парламентинин вице-спикери Я.Латорцай Кыргызстанда ишке ашып жаткан демократиялык реформаларды колдоорун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий