• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Э.Байбакпаев: "Электр кубатын өндүрүүнүн атаандаш булактарын өнүктүрүү керек"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. Бүгүн, 23-майдагы Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында парламент депутаттары тарабынан демилгеленген электр кубатын өндүрүүнүн атаандаш булактарын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору талкууга алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи депутаттардын бири Экмат Байбайпаевдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда электр кубатын өндүрүүнүн атаандаш булактарын өнүктүрүү боюнча атайын мамлекеттик түзүм жок жана бул жааттагы мыйзамдар да бир калыпка салынган эмес. "Мындан тышкары, электр кубатын өндүрүүнүн атаандаш объектилерин курууга жерлерди бөлүштүрүү жол-жоболору бюрократташтырылган", - дейт депутат Экмат Байбакпаев.

Аталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталып даярдалган мыйзам долбоорунун алкагында чакан гидроэнергетиканы инвестициялоо үчүн жагымдуу шарттарды жаратуу максатындагы заманбап ченемдик-укуктук база түзүлөрүн айткан депутат: "Эгер мыйзам кабыл алынып калса, электр кубатын өндүрүүнүн атаандаш булактарын пайдалануу боюнча долбоорду даярдоодо уруксат жол-жоболору менен алектенүүгө инвестордун убактысы жана каржылык чыгымы кыскарат, инвесторлор менен иштөөдө “Бирдей терезе” принциби киргизилет, коррупциялык тобокелдиктер азаят, анткени уруксат берүү жол-жоболорунун жөнөкөй жана түшүнүктүү эрежеси сунушталат, ЭКБ долбооруна бөлүнгөн жерлерди максаттуу пайдалануу үчүн мониторинг жана көзөмөл жакшырат", - деп кошумчалады.

Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун актуалдуулугуна токтолуп, колдоого алышты.

Эске салсак, азыркы учурда республика боюнча баардыгы болуп 13 чакан ГЭС иштеп жатат, алар: “Чакан ГЭС” ААК (9 чакан ГЭС), анын ичинде Аламүдүн каскадындагы 8 ГЭС (29,7 МВт), Быстровка ГЭСи (8,7 МБт), Ысык-Ата ЧГЭС (1,6 МБт кубаттуулуктагы, 2008-жыл), Калинин (1,4 МБт), Ак-Суу (0,5 МБт), Кыргыз-Ата (0,25 МБт).

Пикир

Оставить комментарий