• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эрнис Докенов: “ММБФ башчысы премьердин ишенимин кыянаттык менен пайдаланууда”

Коом 0

Бишкек, 23-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, “Кыргыз темир жолу” МИнин мүлкүн мыйзамсыз алып жатат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйында “КТЖ” МИнин профсоюзунун төрагасы Эрнис Докенов билдирди.

“Б.Казаков премьер-министрге маалыматты биздей так эмес, өзүнө пайдалуу нукта жеткирип жатат. Өкмөт башчы кол койгон оптимизация мамлекеттин же муниципалитеттин балансындагы объекттерди алып таштоого багытталган. “Локомотив” спорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси “Кыргыз темир жолу” МИнин балансында. Ошондой эле, “Локомотив” зыян келтирүүчү объект экендиги тууралуу маалымат чындыкка жатпайт”, - деди ал.

Ал комплекстин кирешеси 12 млн сом экендигин, ошондой эле 8 млн сом амортизациялык чегерүү болорун, тактап айтканда, бул каражаттарды бухгалтерия салык боюнча отчеттуулук үчүн жазып, бирок каражаттар мамишканада каларын белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин Болсунбек Казаков “Локомотив” комплекси зыян келтирүүчү объект экендигин, ага кеткен чыгымдар 2016-жылы 21 млн сомду түзгөнүн маалымдаган. Ошондой эле, ММБФ башчысы объекттерди алып таштоо премьер-министр С.Жээнбеков кол койгон зыян келтирүүчү ишканаларды оптимизациялоо тууралуу токтомдун алкагында ишке ашырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий