• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕАӨБ COVID-19 каршы күрөшүү боюнча мыкты санариптик чечимдерге сынак жарыялайт

COVID - 19 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Евразиялык өнүктүрүү банкынын Санариптик демилгелер фонду евразиялык аймакта COVID-19 коронавирустук инфекциясы пандемиясына каршы туруу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча мыкты санариптик чечимдерге сынак жарыялайт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сынакка санариптик трансформация жаатында компетенциялуу, банктын мүчө-мамлекеттеринин каалаган компаниясы, же эксперти катыша алат. Сынактын жеңүүчүлөрү Евразиялык өнүктүрүү банкынын Санариптик демилгелер фонду тарабынан сунушталган долбоорлорду ишке ашырууга каржылоо алат.

Сынакка катышуу шарттары менен таанышуу жана арызды толтуруу үчүн Евразиялык өнүктүрүү банкынын расмий сайтына төмөнкү шилтеме аркылуу кириңиздер: https://eabr.org/. Сынакка катышууга арыздар 2020-жылдын 4-октябрына чейин кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий