• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕАӨБ Камбарата ГЭС-2нин II гидроагрегатын ишке киргизүүгө 110 млн доллар насыя бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. КР Каржы министрлиги жана Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан “Камбарата ГЭС-2нин II гидроагрегатын ишке киргизүү” долбоорун каржылоого 110 млн доллар өлчөмүндө инвестициялык насыя берүү тууралуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Келишимге КРнын Финансы министри Адылбек Касымалиев жана ЕАӨБ Башкармалыгынын төрагасы Дмитрий Панкин кол коюшту.

Каржылоо негизги карызды төлөөдө беш жылдык жеңилдетүүсү менен 20 жылдык мөөнөттө берилет.

“Камбарата ГЭС-2нин II гидроагрегатын ишке киргизүү” долбоору станциянын 120 МВт кубаттуулуктагы экинчи гидроагрегатын куруу жана ишке берүүдөн тышкары ОРУ 500 кВ бөлүштүргүч жабдуусунун курулушун карайт. Учурда Камбарата ГЭС-2 жана Күрпсай ГЭСтеринин ортосундагы 110 кВ электр чубалгылары боюнча энергия берүүнүн чектелгендигине байланыштуу Камбарата ГЭС-2нин биринчи агрегаты 80-90 МВт кубаттуулукту иштетүүдө.

Натыйжада, Камбарата ГЭС-2нин жалпы кубаттуулугу 240 МВт түзөт.

Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун жана көз карандысыздыгын өбөлгөлөп, иштетилген энергиянын көлөмүн көбөйтүп, анын таңкыстыгын азайтып, кыш мезгилиндеги Токтогул суу сактагычындагы суунун чыгымын кыскартат.

Пикир

Оставить комментарий