• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЕАЭБ аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн дары алып келүүдө төлөнүүчү бажы алымдын кайтарылышын күтүүдөбүз – Асанов

Ден соолук 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. ЕАЭБ аймагына биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн дары-дармек алып келүүдө төлөнүүчү бажы алымдын кайтарылышын күтүп жатабыз. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.

"ЕАЭБге кирген мамлекеттер биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн дары алып келгенде 3%дан 5%га чейин бажы алымдары төлөнөт. Бүгүнкү күндө ал алымдар бажы депозитинде топтолду. Кыргызстанга үчүн алынган жеңилдикти Беларус колдосо ал депозиттеги каражаттар бизге кайтарыларын өкмөт ишендирген. Бүгүнкү күнгө чейин ал маселе чечиле элек. Жакын арада бул маселени өкмөт чечип берет деп ойлойм", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий