• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЕАЭБ алкагында улуттук процедура боюнча дары-дармек каражаттарын каттоо үчүн өткөөл мезгил узартылды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши арыз берүүчү тарабынан дармек каражаттарын каттоону ишке ашырууну Евразиялык экономикалык бирлик эрежелерине, же интеграциялык бирликке мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык тандоо мүмкүнчүлүгүн берген өткөөл мезгилдин мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июлуна чейин узартуу (алгачкы мөөнөт 2020-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн) чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өткөөл мезгилди узартуу жана дармек каражаттарын улуттук каттоодон өткөрүүнү сактоо чечимин кабыл алуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагынын жаңы дары-дармектерге карай муктаждыгын толугураак канааттандырууга, ошол эле учурда каттоо досьелерин ЕАЭБ каттоо эрежелеринин талаптарына ылайык келтирүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий