• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз өкмөтү документтерди кыргыз тилине которо турган уюм издеп жатат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык долбоорлорду жана Евразия экономикалык биримдигинин органдарынын актыларын кыргыз тилине которуу кызматын көрсөтүүчү уюмду тандоого сынак жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тандоого (сынакка) катышуучуларына жалпы талаптар:

1. Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык долбоорлорду жана Евразия экономикалык биримдигинин органдарынын актыларын жазуу түрүндө кыргыз тилине которуу кызматын көрсөтүүчү юридикалык жак (мындан ары – Котормо уюму) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүгө тийиш.

2. Котормо уюмдун түзүүчү документтеринде мамлекеттик тилге которуу укугу каралышы керек.

3. Котормо уюм тийиштүү материалдык-техникалык базага ээ болууга тийиш.

4. Котормо уюмдун тиешелүү билими жана иш-тажрыйбасы бар кесипкөй лингвист-котормочулары болушу шарт.

5. Котормо уюмдун мамлекеттик тилге жазуу түрүндө которуу тажрыйбасы болууга тийиш.

6. Финансылык мүмкүндүктөрүнүн болушу, чыгашасынын жоктугу, жүгүртүүгө жетиштүү каражаттардын болушу.

Тандоонун (сынактын) катышуучуларына атайын талаптар:

1. Жазуу түрүндө котормолорду ыкчам которуу, түп нускага лексикалык, стимлистикалык жана маанилик жактан толук дал келтирүүнү камсыздоо, илимий жана техникалык атоолор жана аныктамаларга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссия тарабынан белгиленген талаптарды сактоо.

2.Которуу тилинин/тилдеринин лексикалык, стилистикалык жана грамматикалык ченемдерине ылайык котормолорду окуп текшерүү жана редакциялоо, ошону менен бирге илимий-техникалык которуу ыкмаларынын талаптарын сактоо, тийиштүү сөздүктөрдү, терминологиялык стандарттарды, жыйнактарды жана которуу вариантын тандоо үчүн бул тематикага кыйла туура келген маалымдамаларды колдонуу.

3.Атоолорду унификациялоо, тиешелүү тармактар боюнча котормолор боюнча түшүнүктөрдү жана аныктамаларды өркүндөтүү, котормонун сапатын жогорулатуу үчүн атоолорду, түшүнүктөрдү жана аныктамаларды колдонууда ырааттуулукту сактоо максатында жеке колдонуу үчүн тиешелүү глоссарийлерди түзүү жолу менен аткарылган котормолорду каттоо жана тутумдаштыруу.

4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-февралындагы № 41-б буйругу менен бекитилген атоолорду сактоо.

5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен меморандумдун болушу.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиясы менен меморандумдун болушу.

7.Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарекке жөнөтүү зарыл:

720003, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 («Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына» белгиси менен) же электрондук дарекке (PDF форматында 5 МВ ашык эмес көлөмдүү бир файл түрүндө түзүү сунушталат): eaes2018@gmail.com «Сынакка». Сурап-билүү телефондору: 0312 96-01-17.

Пикир

Оставить комментарий