• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу ветеринардык жана фитосанитардык контролду жүргүзүүгө тыюу салынды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитилген биринчи кезектеги чаралар планынын алкагында ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды тездетилген жана тоскоолдуксуз өткөрүү шарттарын түзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык контролдун кайталанма функцияларын жүргүзүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, мурда товарды коштоочу документтердин тизимине ветеринардык жана фитосанитардык контролду өткөндүгү тууралуу маалымдама да кирген. Ошол эле учурда бул текшерүүлөрдү бажы чек арасын кесип өтүүдө да жүргүзүү керек болгон, бул ишкерлерге белгилүү ыңгайсыздыктарды жаратып келген.

Аталган көзөмөлдңн өтүү кайталанма мүнөзгө ээ болгондуктан жана ага көп убакыт талап кылынгандыктан, аны алып салуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Бул Кыргыз Республикасынан «бир аялдама» принциби боюнча товарларды экспорттоонун бажы процедурасына уруксаат берилген товарларды жана жаныбарларды автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу ташып өтүүдөгү мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жүргүзүлгөн процедураларды бир топ оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Бажы чек арасында радиациялык, чек аралык, транспорттук (автомобиль) жана бажы контролун жүргүзүүгө тыюу салынбайт.

Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон. Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий