• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕАЭБ дүйнөлүк экономиканын негизги мүчөлөрүнүн бири болуп келе жатат – Абылгазиев

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Евразиялык экономикалык биримдик экономикалык жактан көз карандысыз, атаандаш бирикме болуп келе жатат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан "Евразия жумалыгы" эл аралык форумунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчы форумда сөз сүйлөп жатып, ЕАЭБ дүйнөлүк экономиканын негизги мүчөлөрүнүн бири болуп келе жатканын белгиледи.

"20 млн чарчы километрден ашкан аянты жана 180 миллиондон ашык калкы бар рынокко кызыккандар көбөйүп, 50дөн ашык өлкө өнөктүк мамиле түзгүсү келет. ЕАЭБдин тышкы соода алмашуусу, ал түзүлгөн күндөн тарта өсүп, 2018-жылы 491 млрд долларды түздү. Ошол эле учурда Кыргызстандын тышкы соода алмашуусу 1,6 млрд. долларга көбөйгөн", - деди ал.

Ошондой эле өкмөт башчы, Кыргызстанда инвестициялык климат жакшырып жатканы, ал үчүн жасалып жаткан иштер тууралуу сөз кылды. Ал белгилегендей, Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын коргогон бизнес акыйкатчы институту түзүлүп, бизнести текшерүүгө эки жылга тыюу салынып, ж.б. жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий