• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕАЭБ форуму: Коомдук коопсуздукту 4 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

Коом 0


Бишкек, 24.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. ЕАЭК жана Евразиялык экономикалык форумдун алкагында коомдук коопсуздукту 4 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 26-27-майда Евразиялык экономикалык форум жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.

“Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги жогорудагы аталган иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү. Форум өтө турган жерлерде коомдук коопсуздукту камсыздоочу ички иштер органдарынын өздүк курамына тиешелүү тапшырмалар коюлду. Буга чейин Бишкек жана Чүйдө 17-19-май аралыгында “Укук тартип” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын негизинде жол боюндагы үйлөрдө жашаган адамдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мергенчилердин курал-жарактарын сактоо текшерилип, баары каттоого алынды”, - дейт ал.

Исмаилов жарандарды иш-чара өтүп жатканда милиция кызматкерлерине коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүүгө чакырып кетти.

Пикир

Оставить комментарий