• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕАЭБ форуму учурунда Бишкекте кайсыл көчөлөр канча убакытка жабылат?

Коом 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Бишкекте Евразиялык экономикалык форумдун алкагында жол кыймылына убактылуу чектөө киргизүү пландалган. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, жол кыймылы кортеж өтүп жаткан учурда 5-10 мүнөткө гана чектелет.

“Ошентип, “Манас” аэропортунан Бишкек шаарына чейинки, Жибек-Жолу, Чүй, Айтматов чоң көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары. Мындан тышкары, Абдрахманов көчөсү дагы убактылуу жабылышы мүмкүн”, - деди ал.

Өз кезегинде ИИМдин коомдук коопсуздук боюнча өкүлү Зарылбек Райымкулов жеке курам толук күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй турганын кошумчалады.

“Евразиялык экономикалык форуму өтүү учурунда төрт миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти сактайт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий