• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖЕЭК жыйынына байланыштуу Бишкекте бир катар көчөлөргө чектөө киргизилет. Тизме

Коом 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. 8-9-10-декабрь аралыгында Бишкек шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына байланыштуу бир катар көчөлөргө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда ири иш-чара өтүп жатканда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү алдын алуу иштери жүрүүдө жана жыйынга байланыштуу чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда Чүй облусунун айрым жолдору жана Бишкек шаарынын көчөлөрүндө төмөнкү көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат:
- Манас аэропортунан баштап, Бишкек шаарынын чегине чейин;
- Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн, Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектинен тартып, мамлекеттик резиденцияга чейин;
- Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

Пикир

Оставить комментарий