• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕАЭБ кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарынын өз ара шайкеш келтирилиши абдан маанилүү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ишкерлерге бирдей шарт түзүү максатында иштелип чыккан "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, ал экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт.

Антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Кеӊешбай Тайлаков Кыргызстан ЕАЭБ курамына киргендиктен, мыйзамдардын өз ара шайкеш келтирилиши биздин ишкерлер үчүн өтө зарыл экенин билдирди.

"Каралып жаткан мыйзам долбоору дагы ошондой ченемдик укук актыларынын катарына кирет. Азыркы учурда монополиялык үстөмдүүлүк кылган компаниялар жок, ошондон улам кимдир бирөөлөргө калкаланып алган компанияларды текшере албайбыз, байкоо жана талдоо иштерин эле жүргүзөбүз. Мыйзам кабыл алынып калса, анда көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий