• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕАЭБ өлкөлөрү ичинде Кыргызстанда айлык акы да, азык-түлүк баасы да төмөн

Экономика 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Улуттук статистика комитети Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн борбор калааларындагы азык-түлүк баасын салыштырып талдоо жүргүзүп, ага ылайык Бишкектеги азык-түлүк баалары башкаларга караганда арзан болуп чыккан.

Эсептөөлөр боюнча, 2019-жылдын март айына карата негизги азык-түлүктөрдүн баалары Москва шаарында жогорку болгон.

Москвада бир килограмм уй эти, кой эти, май, картошка, биринчи сорттогу ун, он жумуртка жана бир бөлкө нан кирген азык-түлүк куржуну 30,41 доллар турган. Бишкекте аларды 16,4 доллар, Нур-Султанда 18,69 доллар, Минскте 15,7 долларга сатып алууга болот.

Ошол эле учурда Статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда ушул жылдын январь-февраль айында бир кызматкердин номиналдык айлык акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 15 миң 226 сомду (218,1 доллар) түзгөн. Ал былтыркы жылга караганда 4,6%га өскөн.

"КМШ өлкөлөрү боюнча орточо айлыктын кыскача анализи көрсөткөндөй, Кыргызстандагы айлык акы (доллар менен алганда) башка өлкөлөргө караганда аз. Маселен, Россиядан 3 эсе, Казакстан менен Беларустан 2 эсе, Армениядан 1,5 эсе аз. Ошентип, Кыргызстан маяна боюнча Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн арасынан акыркы орунда турат", - деп билдирет мекеме.

Таблица: 2019-жылдын март айындагы Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттердин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары:

(килограмм үчүн АКШ доллары 1)

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

4,68

4,55

6,24

4,45

Койдун эти

4,23

4,99

7,37

-

Ак (каймак) май

4,53

6,57

12,48

7,86

Пастеризацияланган сүт, литр

0,75

0,66

1,12

0,63

Жумуртка, ондук

1,02

0,82

1,19

1,06

Биринчи сорттогу буудай уну

0,42

0,49

0,65

0,58

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,60

0,38

0,90

0,74

Картошка

0,21

0,23

0,46

0,38

Пикир

Оставить комментарий