• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ЕАЭБ өлкөлөрү менен КР товар айлантуусу 2017-жылы 13%га өскөнү өлкө интеграцияга киргенин билдирет - Латыпов

Экономика 0

Бишкек, 25.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. ЕАЭБ өлкөлөрү менен КР товар айлантуусу 2017-жылы 13%га өстү, бул өлкө интеграциялык процесске киргенин билдирет. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык биримдиктин “Бир жол – бир алкак” демилгеси менен аракеттешүүсү” Гайдаров окууларында РФнын Кыргызстандагы соода өкүлү Валерий Латыпов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге киргенине 2,5 жыл болду.

“Бардык өнөктөш өлкөлөрдөн жогору болгон Кыргызстандын ИДПсынын уникалдуу өсүшүн белгилеп кетүү керек. Менимче, өлкөнүн товар айлантуусу өсөт, анткени зарыл каржылык инструменттерди түзүлүүдө”, - деди ал.

Ириде бул Латыпов белгилегендей, кыргыз экономикасын колдоо максатында 500 млн доллар капитал менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун түзүлүшү.

“Мындай фондду учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда түзүү пландалууда”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий