• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айдоочулук күбөлүгү Россияда таанылат – А.Атамбаев

Президент 0

Москва, 22-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. РФ премьер-министри Дмитрий Медведев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айдоочулук күбөлүктөрүнүн Россияда таанылышы боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Москвада Россияга мамсапарынын алкагында мекендештерибиз менен жолугушууда КР президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, Россиянын өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда ал кыргызстандыктардын айдоочулук күбөлүгү тууралуу сураган.

Белгилей кетсек, 1-июндан тарта Россияда кыргызстандыктардын укугу жараксыз болуп саналат.

“Мен бүгүн бул суроону Дмитрий Анатольевичке бердим. Мен беларустарга бул маселени чечип, бизге эмнеге чечпей жатышканын айттым. Ал ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүгү Россиянын аймагында жарактуу болушу тууралуу тапшырма берди”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий