• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанда инфляциянын эң жогорку деңгээли белгиленди

Экономика 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. 2021-жылдын декабрында ЕАЭБнын мүчө мамлекеттеринин арасынан Кыргыз Республикасында инфляциянын эң жогорку деңгээли белгиленди. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитети билдирет.

ЕЭАБнын мүчө мамлекеттеринин керектөө секторунда инфляциянын деңгээли
(пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

Нет описания.

2021-жылдын январь-декабрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) Кыргыз Республикасында экономиканын керектөө секторунда инфляциянын максималдуу деңгээли (11,2 пайыз) белгиленди, мында өткөн жылда баалар жана тарифтер эң көп (13,3 пайызга) азык-түлүк товарларга (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) өстү. Муну менен бирге, Беларусь Республикасында азык-түлүк эмес товарларга болгон баалардын - 9,9 пайызга жана кызмат көрсөтүүлөргө - 7,6 пайызга максималдуу өсүүсү катталды.

2021-жылдын декабрында ЕАЭБнын мүчө мамлекеттеринин керектөө секторунда товарлардын
жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча инфляциянын деңгээли

(пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

Пикир

Оставить комментарий