• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү орточо айлык эмгек акынын эң жогорку өсүшү Кыргызстанда катталды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигинин бардык өлкөлөрүндө 2022-жылдын январь-сентябрь айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өстү.

Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришкендей, номиналдуу жана реалдуу (товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индексине туураланган) орточо айлык эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Кыргызстанда (127,9% жана 112,7%) жана Казакстанда (124,1% жана 109,4%) катталган.

Орточо айлык номиналдык эмгек акы Кыргызстанда 25 миң сомду (297 АКШ доллары), ал эми Россияда 61,8 миң рублди (892 АКШ доллары) түздү.

Пикир

Оставить комментарий