• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан ИДПнын өсүшү боюнча лидер болуп саналат – ЕЭК министри

Экономика 0

Бишкек, 7-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан ИДПнын өсүшү боюнча лидер болуп саналат. Бул тууралуу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция министри Татьяна Валовая билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы ЕАЭБде ИДПнын өсүшү 2015-жылга салыштырмалуу кыскарган.

“Бул Россия жана Беларуста экономиканын өсүш ылдамдыгын кыскарышына байланыштуу. Кыргызстанда өткөн жылы ИДПнын өсүшү 3,8%ды түзгөн. 2017-жылы биз ушул эле темпте – 3,6% өсүштү боолголоп турабыз. Ушундай эле көрсөткүчтөр 2018-2019-жылдары күтүлүп жатат. Кыргызстандын лидерлиги – бул интеграциялык таасирдин ачык үлгүсү”, - деди ал.

Т.Валовая өнөр жай жана айыл чарбасынын өсүшүн белгиледи.

“2016-жылы Кыргызстанда өнөр жай 4,9%га, өндүрүш – 3%га өскөн. Мындан тышкары, өткөн жылы Кыргызстан ташуулардын көлөмүн 4,4%га көбөйтө алган. Бул жагымдуу динамиканы чагылдырып турат. Экономиканын өсүшүндө бардык эле интеграциялык процесстерди эсептеп, көрсөтүү мүмкүн эмес экендигин белгилей кетким келет. Республика ЕАЭБге киргне соң өлкөгө болгон инвестициялардын дээрлик жарымы альянстын өлкөлөрүнөн келген. Ошондой эле, КР мигранттарынын укуктары корголуп, россиялыктардын укуктарына теңдештирилди”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий