• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө 2022-жылдын I кварталында бюджет профицит менен аткарылган

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын I кварталында Казакстандан башка Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө бюджет профицит менен аткарылган.

Евразия экономикалык комиссиясы билдиргендей, бюджеттин кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде киреше салыгынын жана КНСтин өсүшүнүн эсебинен өскөн. Бюджеттин чыгаша бөлүгүндө жалпы республикалык иш-чараларга жана социалдык чөйрөнү каржылоого чыгашалар бир кыйла олуттуу болгон.

Жалпысынан ЕАЭБде мамлекеттик карыздын өсүү темпи басаңдады. Тышкы карыз Армения, Беларусь жана Кыргызстанда басымдуулук кылса, ички карыз Казакстан менен Орусияда басымдуулук кылган.

Пикир

Оставить комментарий