• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференция аркылуу Евразиялык экономикалык форумга катышты

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарында бүгүн, 26-майда, ЕАЭБ жана алыскы өлкөлөрдөн 2000ден ашык адамды чогулткан Биринчи Евразиялык экономикалык форум башталды.

Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйындарынын бирине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференция аркылуу катышты. Бул: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Беларустун премьер-министри Роман Головченко.

Суроо-жооп форматында мамлекет башчылары ЕАЭБ алкагындагы көп тараптуу мамилелер, Биримдик өлкөлөрүнүн экономикаларынын байланышын жогорулатуу, адамдык капиталды өнүктүрүү жана башка көптөгөн маселелер боюнча өз көз караштарын жана ой-пикирлерин билдиришти.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында 300дөн ашык иш-чара пландалып, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ири бизнес өкүлдөрү, мамлекеттик органдар жана ММКлар чогулду.

Пикир

Оставить комментарий