• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы бардык аба каттамдар калыбына келтирилди – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы бардык аба каттамдар калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Консулдук кызмат департаментинин биринчи катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Анын айтымында биздин жарандар эмгек мигранттары катары COVID-19га каршы ПЧР тестин терс жыйынтыгы менен мисалы Россиянын аймагына кире алышат.

“Жарандар “COVID-19суз саякаттайбыз” тиркемесин телефонго көчүрүп алышы керек, ал бардык ЕАЭБ өлкөлөрдө иштейт, ошентип тоскоолдуксуз саякаттоого болот. Дагы бир жолу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы бардык аба каттамдары калыбына келтирилгенин белгилеп кетким келет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий