• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды импорттоого салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты электрондук түрдө алууга болот – Салык кызматы

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо үчүн салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо жөнүндө маалымкат электрондук түрдө бериле баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.

Мындай иш-чара салык төлөөчүлөр менен дистанттык түрдө өз ара аракеттешүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында жүргүзүлүүдө.

“ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызтанга товарларды ташып кирүүгө ниеттенген импортчу МСКнын сайтындагы жеке кабинети аркылуу тиешелүү арызын бере алат.

Салык органынын кызматкери белгиленген мөөнөттө электрондук арызды карып чыгып, салык кызматынын маалыматтык системанда маалымкатты тариздейт жана берүү/баш тартуу жөнүндө (баш тартуу учурунда анын себептерин көрсөтүү менен) белги коюп, сканерден өткөрүлгөн маалымкатты импортчунун электрондук почтасына жиберет.

Зарыл болгон учурда, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө маалымкат кагаз түрүндө да берилет.

Товарларды алып келүүдө салык органынын кызматкери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан маалымкаттын түп нускасын онлайн режиминде салык кызматынын маалыматтык системасынан маалымкаттын номери жана берилген күнү боюнча аныктай алат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо үчүн салыктык каттоо жөнүндө маалымкат Мамлекеттик салык кызматынын Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгында КНС төлөөчү катарында катталган субъекттер үчүн алган күндөн тартып 180 календардык күнгө, ал эми калган субъекттер үчүн 60 календарлык күнгө чейин жарактуу.

Ошону менен бирге, мурда берилген маалымкаттардын негизинде импорт боюнча кыйыр салыктар төлөнбөгөн жана тиешелүү салык отчету берилбеген учурда жаңы маалымкат берилбейт.

Пикир

Оставить комментарий